2-ноябрда Бишкектеги кичи райондордун биринде 22 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап ооруканага түшкөн.
Жабырлануучу аны курбу кызы түртүп жибергенин аман калгандан кийин курбусу жигити менен бирге сабап салганын 9-ноябрда SUPER.KG'ге айтып берди.
"1-ноябрда түнкү саат 11:00дөр чамасында тааныш кызым 6-кичи районундагы батирине чакырды. Ал жакта экөөбүз бир сааттай отурдук. Кийин анын жигити келди, биз чогуу спирттик ичимдиктерин ичтик. Таанышым жигитин менден кызганып, чырдаша кеттик. Андан кийин мен үйдүн терезесинде отурсам ал мени түртүп жиберди. Жерге кулап түшүп бир аз убакытка эсимди жоготтум. Эсиме келгенден кийин тиги кыз чачтан алып, жигити колумдан тартып кайра 4-кабатка чейин сүйрөп чыгышты. Батирге алып кирип ал кыз менин үстүмө отуруп алып ура баштады. Бирок жигити мага болушуп чыкканда, экөө уруша кетишти. Ал учурда мен качып кетүүгө үлгүрдүм. Эгер ошондо качып кетпесем мени кескилеп туруп таштандыга же сууга ыргытып жиберишмек", - дейт жабырлануучу.
Андан тышкары ал сыртка качып чыгып көчөдөн унааларды тосконун, бирок анын кебетесин көрүп бир да унаа токтобой койгонун айтты.
"Унаалар албай койгондон кийин аркамдан издеп келип таап алышпасын деп бактарга жашынып бара жатып жыгылып эсимди жоготуп койдум. Эсиме келсем бир адам "чыда-чыда" деп жатыптыр. Ошол киши "Тез жардам" кызматын чакырып, ооруканага алып келишти. Ал адам болбосо өлүп калмакмын", - дейт жабырлануучу.
Ооруканада кызын карап жаткан эне аны сабагандардын ата-энелери кечирим сурап келип жатканын, бирок кечирбей турганын айтты.