ЖЫЛНААМА, 12-НОЯБРЬ: Бир да динди тутунбаган белгилүү актриса Энн Хэтэуэй 35 жашка чыкты

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, жаш экенине карабастан 300дөн ашуун тасмада роль жаратканга жетишкен белгилүү Голливуд жылдызы Энн Хэтэуэй бүгүн, 12-ноябрда 35 жашка толду.

"Оскар", "Эмми" жана "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси Хэтэуэй "Ханышанын күндөлүгү", "Бороондун көзү", "Сыйкырланган Элла", "Prada" кийген азезил", "Жейн Остин", "Рэйчел турмушка чыгат", "Сүйүү жана башка дарылар", "Бир күн" аттуу белгилүү тасмаларда роль жараткан.

Сиздердин назарыңыздарга өз кесибинин мыкты чебери, сулуу жана кайталангыс Энн Хэтэуэй тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Адабиятты сүйгөн Энн

Белгилүү актриса көркөм адабиятты сүйүп окуйт, башкага убакыт таппаса дагы китеп окуганга убакыт табарын дайыма айтып келет. Актрисанын аты белгилүү Уильяма Шекспирдин жубайы Энн Хатауэйдин атынан коюлганын көпчүлүк биле бербейт.

Боёнгонду жактырчу эмес

Энн 14 жашына чейин өзүнүн улуу байкесинин кийимдерин кийип жүргөндү жактырчу, ал өзүнүн курбуларындай болуп боёнгонду анчейин жактыра берчү эмес. Өзүн арык сулуу эмес деп эсептеп көптөгөн депрессияларга кабылган. Бирок өткөөл курактан кийин Энн ал башка кыздардан кем эместигин жана сулуу экенине өзүн ишендирип, жаңы жашоо баштаган.

Чиркөө кызматкери болууну кыялданган

Актриса динди катуу карманган үй-бүлөдө тарбиялангандыктан анын тегерегиндеги кыздар мугалим, балерина, актриса болууну кыялданып жүргөн мезгилинде, ал чиркөө кызматкери болууну самаган. Бирок убакыттын өтүшү менен ал өз дининен баш тартып, кыялы менен кош айтышкан. Энн азыркы мезгилге чейин бир да динди тутунбайт.

Эт азыктарынан баш тарткан

Энн 12 жашынан баштап эт азыктарын тамакка колдонуудан баш тарткан. Актрисанын сүйүп жеген азыгы брокколи.


Спирт, кант жана кофеинге аллергиясы бар

Курамында спирт, кант жана кофеин бар азыктардан Хэтэуэйдин аллергиясы бар. Мындан улам актриса ар кандай шаңдуу кечелерди көп жактыра бербейт. Таң эрте уйкуну ачыш үчүн сөзсүз түрдө кофе ичүү керек эместигин баса белгилейт.

Сырдуу досу

Актрисанын жакшы көргөн жаныбары болуп анын мурунку сүйүктүүсү, италиялык бизнесмен Рафаэлло Фольери белек кылган лабрадор тукумундагы ити эсептелет. Эсмиральдо ысымы ыйгарылган бул итти Энн сүйүктүүсү менен ажырашкан мезгилинде өзүнө алып калган. Анын айтымында, Эсмиральдо анын эң жакын досу. "Жакын досторду сатууга же бирөөгө беригүү болбойт. Ошол себептен экөөбүз дайыма биргебиз", - деп билдирген актриса.

Энн аттуу адамдардын бардыгы менен сүйлөшөт

Социалдык тармактардабы же жашоодо болобу, актриса Энн ысымын алып жүргөн бардык адамдар менен сүйлөшүүгө жана дос болууга даяр экенин айткан.

Энн Хэтэуэй 1982-жылы 12-ноябрда Нью-Йоркто жарык дүйнөгө келген. Алгачкы жолу 1999-жылы "Өзүң менен бол" сериалында роль жараткан.

12-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Cherik.777
2017-11-12 17:54:34
Исламды кабыл алса оо анда...
+2
jengoo
2017-11-12 17:57:15
Cherik.777,Ойлонуп көрөм деп кой..
+1
gute
2017-11-12 18:16:20
Мага жакты бирок мен карабаймда анча-мынча кыздарды))
+2
jbolotov
2017-11-12 19:20:56
Динден кабар жок болсо озунон корсунда.
+1
Pandora
2017-11-12 20:33:27
Мага жагат бул актриса))) Принцесса киносун коруудон тажабаймын.
+2
Siren.ms
2017-11-12 21:51:03
олло жагат ушул кыз кинолорун кызынып кором
+2
aytkulova
2017-11-12 22:16:57
Суйуктуу актрисам туулган кунун менен).
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан