MegaCom төлөм терминалдары бардыгы үчүн ыңгайлуу!

MegaCom компаниясынын төлөм терминалдары калаа тургундары үчүн абдан ыңгайлуу болууда. Алдынкы мобилдик оператордун фирмалык түстөрүндөгү мындай аппараттар аркылуу абоненттер мобилдик телефонунун балансын комиссиясыз толуктабастан гана, коммуналдык кызматтар үчүн да төлөм жүргүзө алышат.

MegaCom компаниясынын төлөм терминалдары универсалдуу. Электрондук капчыкты толуктоо, интернет кызматтары үчүн акы төлөө, каталогдордон товарларды сатып алуу сыяктуу аракеттерди да бир заматта ишке ашырууга болот.

ИИМ тарабынан берилүүчү соттолбогондук тууралуу маалымдама үчүн акы, Кайгуул милициясынын айып пулдарын же мүлктүк салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө да болот. Узакка кезек күтүүнүн зарылчылыгы жок. Эң башкысы, убактыңызды үнөмдөйсүз!

Мындан тышкары Кыргызстандын жашоочулары бул терминалдар аркылуу Россия, Казакстан жана башка КМШ өлкөлөрүнүн уюлдук операторлорунун абоненттеринин балансын толуктай алат. Бул чет мамлекетке сапар тарткандар, жакындары чет мамлекеттерде жашап жана иштеп жүргөндөр үчүн ыңгайлуу.

MegaCom байланыш кызматтарынан колдонуу үчүн балансты комиссиясыз толуктоого мүмкүн болгон көчө терминалдары жайгашкан даректер:

  • Огомбаев жана Сүйүмбаев (Карпинский) көчөлөрүнүн кесилишинде (MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинин жанында эки терминал);
  • Гоголь көчөсү жана Чүй проспектисинин кесилишинде («Детский мир» соода борборунун бурчу, түндүк-батыш тарабында);
  • Москва жана Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде (Абдрахманов көчөсүнүн аялдамаларындагы «Вива» жана «Очкарик» дүкөндөрүнүн жанында);
  • Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (Аялдаманын түндүк-чыгыш тарабында);
  • Ибраимов жана Москва көчөсү кесилишинде (Аялдаманын түштүк-чыгыш тарабы, «Народный» соода үйүнүн жанында);
  • Чүй проспектиси жана Гоголь көчөсүнүн кесилишинде (№12-мектепке жакын жайгашкан аялдаманын түштүк-чыгыш тарабы);
  • Абдрахманов көчөсү жана Чүй проспектисинин кесилишинде (аялдаманын түндүк-чыгыш тарабы);
  • Горький көчөсүндөгү аялдама ( "Вефа" СБ, түндүк-батыш тарабында);
  • Жаш Гвардия сейил багы менен Чүй просп. кесилишинде (түндүк-батыш тарабында);
  • Чүй жана Манас проспектиси кесилишинде («Шумкар» дүкөнү, аялдаманын жанында, түштүк-чыгыш тарабы);
  • Лермонтов жана Ворошилов көчөсүнүн кесилишинде ( «Народный» соода үйү, Батыш тарабы);
  • Белинский жана Бөкөнбаев көч. кесилишинде ( «Ракурс» фотоборборунун жанында, аялдаманын түндүк-чыгыш тарабында);
  • Чыгыш – 5 (аялдаманын жанында, Чүй просп.түштүк тарабы);
  • Ахунбаев көчөсү жана Тынчтык проспектисинин кесилишинде (аялдаманын түштүк-чыгыш тарабы);
  • Жаш Гвардия сейил багынын жана Киев көчөсүнүн кесилишинде (түштүк-батыш тарабында);
  • 9-кичи району, Байтик Баатыр көчөсүнүн түштүк багытындагы аялдамасы (Батыш тарабы).

MegaCom терминалдарынын виртуалдуу картасы жана даректери, ошондой эле компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан