Ылдамдыгы чектөөсүз 40 ГБ интернет - О!нун жаңы тарифинде

О! мобилдик оператору 4G Wi-Fi Wingle же роутер аркылуу компьютерден же дароо бир нече түзүлүштөрдөн атайын интернетке чыгууну шарттаган жаңы «40ГБ Интернет» тарифтик планын сунуштайт.

Сиз болгону айына 850 сомго ылдамдыгы чектөөсүз 40 гигабайт интернетке ээ болосуз. Ошондой эле сизге мындан да тез интернет керек болуп калса, 3 ГБ жана 10 ГБ көлөмүндөгү кошумча “Турбобаскычтар” каралган.

Өлкөнүн бардык аймактарында жаңы тарифтик планды кошуу жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен пайдалануу мүмкүн. Белгилей турган нерсе, абоненттердин туруктуу жана сапаттуу тез мобилдик интернетке болгон керектөөлөрү күн сайын өсүшү менен бирге, түйүндү жакшыртуу боюнча иштер да токтогон жок. Жылдын башынан бери оператордун адистери бүт өлкө боюнча төртүнчү муундун базалык станцияларынын санын эки эсеге көбөйтүштү, муну менен катар түйүндүн сыйымдуулугу да бир кыйла артты.

О! түйүнүнүн ичиндеги 4G интернеттин мүмкүнчүлүгүн максимум деңгээлде колдонуңуз. Өлкөбүздүн бардык аймагында жайгашкан О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Storе дүкөнүнөн 4G роутер, 4G Wi-Fi Wingle сатып алыңыз. «40ГБ Интернет » тарифине ошол эле жерден же өзүңүздүн Жеке кабинетиңизден кошулсаңыз болот.

О! мобилдик операторунун ушул же башка тарифтеринин шарттары менен www.o.kg. сайтынан тааныша аласыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
USSR
2017-11-15 16:47:43
Интернет ылдамдыгы ташбакадай, 4G тармагынын аты эле бар, заты болсо ооо илгерки 2G ))
+12
Okgmobile
2017-11-15 17:20:11
USSR, Ermekbai,

Саламатсызбы, урматтуу «Соңку кабар» окурмандары! Кызмат көрсөтүүдө кетип жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
-5
TalaCSKA
2017-11-16 12:33:49
Okgmobile,мен антенна слабый чыгат 10-15 процент жакын арада онолобу деп кайрылсам заявка алган эртеси 0766 дан чалып силердин райондо антенна жакшы 4G да жакшы иштейт деп койдун.мен озум жашаган райондо антенна кандай чыгарын билбегенсип кайра жакын арада онолобу же операторду которойунбу десен бир нормально жооп беришпейт.
+1
aksuu_aduk
2017-11-15 17:26:55
Лейлек районун Аксуу айылында качан иштейт О! Базаны орноткон бирок ишке кире елек
+1
Okgmobile
2017-11-16 12:46:02
aksuu_aduk,

Саламатсызбы. Сиз айтып кеткен райондо байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир нече айдын ичинде 4G базалык станцияны орноштурулат.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Syn4y
2017-11-15 17:55:01
Сайма4G эле жакшы, айына 750 сом
0
Azim90jeken
2017-11-15 18:48:46
Мындан арзаны жок бекен
0
Romantik.
2017-11-15 20:03:23
О! Компаниясы, Токтогул Районунун Кызыл Озгоруш айылына качан 4G барат?
+1
Okgmobile
2017-11-16 12:45:14
Romantik.,

Саламатсызбы. Сурооңузга рахмат. Сиздин районуңузга 3G базалык станция орноштуу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы арада бар. Андан соң интернеттин ылдамдыгы жана байланыштын сапаты жогорлойт.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Gena1
2017-11-16 09:31:13
О ну иштетип болбойт. [moderated]ка кирсен реклама чыга берет. Бир муноттук кичинекей ролик коруу учун 3 жолу токтотуп реклама берет.
+1
maks94.kb
2017-11-16 10:13:14
4 G абдан начар иштейт кайрылып чечип беребиз дейт ошол бойдон караанын таппайсын кайсыл оператор жакшы интернете туугандар операторумду которуш керек эле О умутту актабай баратат куру уьадалары менен
+1
Arsenal93.
2017-11-16 11:58:39
Ылдамдык ото эле жай аймактарда
+1
Okgmobile
2017-11-16 12:58:30
Arsenal93.,
Саламатсызбы. Сиз кайсы аймакта жашайсыз?

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Arsenal93.
2017-11-16 14:22:45
Okgmobile,Талас облусу,Таш-Кудук айылы
0
Okgmobile
2017-11-21 16:24:55
Arsenal93.,
Азыркы учурда, Сиз айтып кеткен райондо базалык станцияны орноштуруу жакынкы арада пландаштырууда жок. Бирок бир нече айдын ичинде Сизге жакын Кызыл-Октябрь айылында техникалык иштер жургузулот.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
kyrqyz
2017-11-16 23:31:01
арзан жана эн жакшы иштеген О Оператору.
билайн мн мегаком акча алгандан башканы билишпейт
+1
Okgmobile
2017-11-21 16:26:03
Саламатсызбы, урматтуу kyrqyz колдонуучу!

Биздин компанияга айтылган жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз өзүбүздүн ишкердигибизди кардарлардын каалоолорун эске алуу принциптеринин негизинде жүргүзөбүз, жана Абоненттерден тилектеш сезимдерди алуу бизди абдан кубандырат! :)

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан