Орустардын белгилүү алып баруучусу Андрей Малахов алгачкы ирет ата болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, алып баруучу кечээ, 16-ноябрда Москва убактысы боюнча саат 23:30да уулдуу болгон. Ымыркайдын салмагы 4 килограмм, бою 54 сантиметр болуп төрөлгөн. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы.
Малахов өзү жубайынын төрөтүнө катышкан эмес, бирок ал көз жарганча сыртта күтүп турган.
"Наристеге азырынча ат тандай элекпиз, анын мүнөзүнө карап анан ысым ыйгаралы деп турабыз. Азыр баламдын алгачкы жалаягын алмаштыруу бактысын күтүп жатам", - деген ал.
Эске салсак, буга чейин тележурналисттин жубайы Наталья Шкулева кош бойлуу экенин жазганбыз.