Америкалык Жизель аттуу 19 жаштагы модель кыздык абийирин 2,5 миллион еврого сатты. Модель менен болгон түндү миллиондорго баалаган бизнесмен Абу-Даби шаарынын тургуну.
Модель Cinderella Excorts агенттигине кыздык белгисин сатары тууралуу жарыяны жайгаштырганда дүйнөнүн ар тарабынан талапкерлер билдирмелерди таштай башташкан. Абу-Дабилик ишкер 2 жарым миллион еврону сунуштоо менен америкалык голливуд жылдызын жана орусиялык саясатчыны басып өткөн. Тактап айтканда, голливуд жылдызы 2,4 миллион берерин жазса, аноним, Орус саясатчысы моделдин абийирин 1,8 миллион еврого сатып аларын билдирген.
Жизель мындай баалар сунушталарын күткөн эместигин айтат. Потенциалдуу кардарларына кыз абийиринин сатыгынан түшкөн акчаны билим алууга жана саякаттоого жумшай турганын айткан. Ал эми кыздын бул соодасын сындаган сынчыларга модель "дене меники, аны эмне кылсам өзүм билем" деп жооп берген.