Ырчы Омар жакында бойдокчулук менен коштошот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева билдирди.
"Омар жакында үйлөнөт. 25-ноябрда кыз узатуу тою өтсө, үлпөт той 2-декабрга пландалган. Биз азыркы учурда Астанада өтүп жаткан сынакта жүрөбүз. Бишкекке келген соң кенен маалымат таратабыз. Бирок айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жалган интрига чыгарып, "Омар үйлөнгөн" деген маалымат таратып жиберишиптир", - деди Эсеналиева.
Белгилей кетсек, Омар учурда Казакстанда өтүп жаткан "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышууда.