Көпчүлүк сүйүп көргөн "Түбөлүктүү сүйүү" түрк сериалы "Эмми" сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Американын Нью-Йорк шаарында өткөн "Эмми" эл аралык сыйлыгынын 45-тапшыруу аземинде "Эң мыкты чет элдик теленовелла" наамына татыды.
"Түбөлүктүү сүйүү" сериалы бул номинацияда канадалык "30 жашоо", бразилиялык "Теңдеши жок" жана "Шику карыя" аттуу тасмалардын ичинен мыкты деп аталып, жеңишке жеткен. Сыйлыкты тапшыруу аземине, сериалдын продюсери жана "Ay Yapim" компаниясынын жетекчиси Керем Чатай, режиссёр Хилаль Сарал жана сценарист Бурджу Гёргюн келген.
Бул сериалга белгилүү Бурак Өзчивит, Неслихан Атагүл, Каан Урганжиоглу, Хазал Филиз Кючюккёсе, Зеррин Текиндор, Керем Алышык жана башка түрк актёрлору тартылган, бирок сыйлык тапшыруу аземине алардын бири дагы келген эмес.
"Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Түрк киноиндустриясында эң көп көрүлгөн сериал болуп саналат.
"Эмми" - бул Американын телеберүүлөргө берилүүчү эл аралык сыйлыгы. Ал кино тармагында эң ири деп эсептелген "Оскар" сыйлыгы сыяктуу эле дүйнөдөгү телеберүүлөрдүн мыктыларын аныктайт.