КҮНСЕРЕП: Отунбаеваны тарыхтан чийип салуу аракеттери байкалууда

Бүгүн - 24-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкөнү 6 жыл башкарган Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүттү. Бүгүн жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго бийликти тапшырып жатып, 6 жылда өлкө түп тамырынан өзгөргөнүн, дагы көп иштерди жасоого убактысы жетпей калганын айтты. 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларында каза тапкан баатырлардын салымы менен Кыргыз мамлекети өз жолун тапканын, ушул көч уланышы зарылдыгын айтты. Ал президент болуп шайланган алгачкы жылдары өлкөдө ызы-чуулар болуп, акыркы 3 жылда гана толук кандуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берилди деди.

Алгачкы жылдары президенттин таасири, бийлиги азыркы деңгээлде эмес эле. Ал кезде Жогорку Кеӊеш бийликтин башка бутактарын тизгиндеп, баланска келтире алар күчкө ээ эле. Ажонун таасири кийинчерээк, бийликти Убактылуу Өкмөттүн оппоненттерине, башкача айтканда реваншисттик күчтөргө тарттырып жиберүү коркунучу жаралганда, революциячыл КСДП жана "Ата Мекендин" биргеликте жүргүзгөн көшөгө артындагы оюндарынын эсебинен күчөтүлгөнүн мындан 1 жыл мурун Өмүрбек Текебаев айтып чыккан.

Атамбаевдик 6 жылда өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болду? Бүгүн бул суроо көпчүлүктүн оюнда турат.
Атамбаевдин тушунда өлкөнүн энергетикалык абалында жылыштар болду. Кыргыз газ, свет маселесинде коӊшу өлкөлөргө көз каранды болуп келген. Жогорку чыӊалуудагы Датка-Кемин электр чубалгысынын ишке берилиши, Датка жана Кемин подстанцияларынын курулушу тарыхта Атамбаевдин көрүнүктүү иштеринин бири катары калат. "Кыргызгаз" ишканасы Орусиялык "Газпромго” 1 долларга сатылып, айрым эксперттер эгемендүүлүккө доо кетти деп чыгышкан. Өлкөнүн ири стратегиялык тармагы башка өлкөгө толук көз каранды болуп калганы, албетте, ойлондуруучу иш. Бир жакшы жагы, өлкө үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыздалды.

Апрель революциясын жараткан өзөктүү маселелердин бири - сөз эркиндигинин кысымга алынышы эле. 2010-жылдан кийинки алгачкы 2-3 жылда бул маселе жакшырган. Бирок акыркы жылдарда Кыргызда ММКларга кысым абдан күчөдү. Ооба, Бакиевдин заманындагыдай журналисттерди өлтүрүп салуу окуясы катталган жок. Атамбаевдик бийлик ММКларды миллиондогон сомдук доо арыздар аркылуу кысымга алды. Бийликтин мындай “миллиондук” ар бир доо арызы соттор тарабынан толугу менен ишке ашырылып жатты. Азаттыктын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин гана Атамбаев аталган медиага койгон доосунан кечти. "Репортёры без границ" уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2017-жылы өлкөдө сөз эркиндигинин абалы 2016-жылдагыдан 4 баскыч артка кеткен.

Мисалы, быйыл Заноза сайтынын үстүнөн эле Башкы прокуратура 5 жолу сотко кайрылып, 27 миллион сомдук доо койду. 2 күн мурун Атамбаевдин 6 жылдык ишин тизмектеп, экономика, коррупция, адам укуктарынын Кыргыздагы абалына эл аралык уюмдардын берген баасын камтыган Азаттыктын иликтөөсүн мамлекеттик телеканал эфирден кетирбей койгону белгилүү болду. Бул иликтөөдө 6 жыл ичинде президент баш болгон мамлекеттик органдар, кызматкерлер тарабынан ММКларга коюлган доо акы жалпысынан 80 миллион сомго барып калганы айтылат.

Атамбаев бийликте турган 6 жылда мамлекеттин карызы дээрлик 1 миллиард долларга өстү. 2012-жылы карыздын суммасы 3 миллиард 300 миллион доллар болсо, 2017-жылдын сентябрына карата карыз 4 миллиард 360 миллион долларды түздү.

2017-жылы Кыргыздын "Кумтөрдөгү" үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга түштү. Өкмөт муну "Центерранын" чет жерден жаӊы кенди сатып алганы менен түшүндүрдү. Кыргыздын "Центеррадагы" акцияларынын дүйнөлүк биржадагы баасы 2012-жылы 1 миллиард 500 миллион доллар болсо, 2017-жылга карата 454 миллион долларды түзөт. Оппозиция лидерлери бийликти Кыргыз мамлекетинин эмес, "Центерранын" кызыкчылыгын коргойт деп сындашат. Жакында өкмөттүн "Кумтөрдө" мөӊгүнү талкалоого жол ачкан мыйзамды сунушташы, Жогорку Кеӊештин кабыл алышы талкууга түшкөн. Экологиялык кесепетти эске алып Атамбаев мыйзамга кол койбой артка кайтарат деп күткөндөр бар эле. Президент кызматтан кетерине 1 күн калганда мыйзамга кол койду.

Өлкөдө коррупция менен күрөштүн абалы да жакшы эмес. 2012-жылы Transparency International эл аралык уюмунун изилдөөсүндө Кыргыз өлкөсү 24 балл алса, 2016-жылы 28 балл алды же 4 жылда өз пайдасына 4 гана балл кошо алды. Бүгүнкү күнү Кыргыз мамлекети 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлейт, бул өлкөдө коррупциянын деӊгээли дале жогору деген көрсөткүч.
Өлкөдө позитивдүү көрсөткүчтөр дагы бар. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2010-жылы Кыргыз элинин 38 пайызы жакыр деп саналса, 2015-жылы 32 пайызды түзүп, өлкө жакыр мамлекеттердин катарынан чыгууга жетишти.

Кыргыз өлкөсү Кытайдан алган 1 миллиард долларга жакын карыздын эсебинен Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруп жатат. Бул акчага Кыргыз мамлекети Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун курганы туура болмок экенин, кошумча трассага өлкөдө муктаждык жок экенин айткандар дагы бар.
6 жылдагы жетишкендиктердин бири - Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып, келишимге кол коюлганы болду. Бирок Үӊкүр-Тоо тилкеси, Кемпир-Абад суу сактагычы өӊдүү маанилүү тилкелерди тактоо аяктай элек.
Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык союзга мүчө болуп кирип, бирок үзүрүн жетиштүү көрө албай, тескерисинче, кысымын көрүп жаткан кези. Жакында Атамбаев "ЕАЭБден өтө көптү үмүттөнүп жаӊылыппыз" деп моюнга алды.

Атамбаев деле мурдагы Акаев, Бакиевдин адатын аттап өтө албай, Конституцияны өзгөртүү кадамына барды. Буга 2010-жылы кабыл алынган “2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбесин” деген мыйзамдуу мораторий да тоскоол боло албады. Албетте, 2-мөөнөткө барбоо убадасына турду. Бирок Конституциядагы өзгөртүүлөр Атамбаевге иш жүзүндө бийлигин сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Атамбаевде парламенттик шайлоо аркылуу премьер-министрлик кызматка келип, бийлигин өкмөт аркылуу уланта берүү мүмкүнчүлүгү жогору.

Президент Алмазбек Атамбаев чыгармачыл адам катары да элдин эсинде калгысы келди. 2016-жылы өзүнүн автордук ырларын гитаранын коштоосунда ырдап чыгып, элге сюрприз кылды. Анын ырларын Кыргыздын жана коӊшу өлкөнүн ырчылары аткарып чыгып, теле-радиолордон берилип жатат. Ажонун чыгармачылыгын күлкү жаратуучулар эл аралык КВН мелдештеринде да колдонууга жетишти. Президенттин ырдап чыгышын колдоого алгандар дагы, "өлкөдө жашоону оӊдоп коюп анан ырдабайбы" деп сындагандар дагы көп болду.
Атамбаев мурдагы президенттерден дипломатиялык тилди колдонбогондугу, өйдө-төмөн ылгабай сүйлөгөндүгү менен да өзгөчөлөндү. Экс-президент муну кемчилик катары кабыл албасын айтып, тескерисинче ачык-айрымдык катары баалады. Бирок ошол “ачык-айрымдык” Кыргызга 10-октябрдан бери абдан кымбатка түшүүдө.

Алмазбек Атамбаев эми Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти деген статуска ээ. Ага мамлекет тарабынан бир топ кепилдиктер берилет. Мисалы, экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Бул артыкчылык Атамбаевди президент учурундагы жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тартылышынан, ошондой эле кармалышынан, камакка алынышынан, тинтүүгө, суракка алынуусунан сактайт. Кол тийбестик укугу президенттин керт башына гана эмес, ал ээлеген турак жайга, пайдаланган транспорт жана байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да тийиштүү болот. Мындан тышкары, Атамбаев өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугуна ээ. Экс-президент өлкө башчысынын бир айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндөгү акчаны өмүр бою ай сайын алып турат. Мындан башка да артыкчылыктар берилет.

Ошентип, 6 жылдык миссиясы аяктап Алмазбек Атамбаев президенттик креслону досу Сооронбай Жээнбековго тапшырды. Ант берүү аземинде "Соке досум" деп батасын берип, бийликтин тизгинин карматты. Достукка бекемдигин көрсөтөйүн дедиби Жээнбеков президент катары эӊ биринчи жарлыгы менен Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы менен сыйлай турганын жар салды. Жээнбековдун кызматка киришүүсү менен өлкөгө келе албай жүргөн "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабанов куттуктап, аны адилеттүү башчы болууга чакырды. Ошентип, Жээнбековдук режимдин алгачкы барагы ачылды...

"Кыргыз жеринде биринчи жолу президенттик бийлик тынчтык жолу менен алмашты". Ушундай маалыматты бүгүн Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземин чагылдырган бийликчил массалык маалымат каражаттары улам кайталоо менен берип жатышат. Интернет желесинде дал ушундай билдирүүлөрдүн тегерегинде талаш-тартыш орун алууда. Айрым бийликчил эксперттер Роза Отунбаева президенттикке шайланган эмес, дайындалган дешип Отунбаеванын президенттигин, анын мамлекет үчүн оор болгон учурдагы эбегейсиз салымын тарыхтан чийип салууга аракет кылышууда. Бүгүн президенттердин алмашуу аземинде экс-президент статусундагы Роза Отунбаевага орун табылбаганы, катышпаганы да кейиштүү учур болду.

Отунбаева эл тарабынан президент болуп шайланбаганын 2016-жылдын 31-августунда "Ала-Тоо" аянтында Алмазбек Атамбаев да айткан. "Сен тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат" деген сөз бар. Роза Отунбаеванын президенттигин, мамлекет башчылыкты андан расмий түрдө Атамбаев өткөрүп алгандыгын учурда бийликтин командасы моюндагысы келбей жатат. Тарых минтип бурмалана берсе, 6 жылдан кийин Жээнбеков да Атамбаевди Отунбаеванын абалында калтырбайт деген кепилдик жок. 2011-жылдын 1-декабрында Улуттук филармонияда Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчылыкка киришүү аземи өтүп, Атамбаевге президенттик бийликти ошол кездеги президент Роза Отунбаева тапшырган. Залга Отунбаеваны "Кыргыз Республикасынын президенти" деп чакырышкан. Алмазбек Атамбаевге бийликти өткөрүп берип жатканда легитимдүү президент деп таанылган Роза Отунбаева 6 жылдан кийин, Атамбаев бийликти тапшырып жатканда президент болбой калабы? ‎

2010-2011-жылдары Отунбаевада Акаев менен Бакиевдикинен да күчтүү ыйгарым укуктар болгон, бирок бийликти өз эрки менен өткөрүп берген. Ошол салтты бүгүн Алмазбек Атамбаев улантып бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Ошентип, өлкөдө экинчи ирет президенттик бийлик тынчтык жолу менен алмашты. Бул эки революцияны башынан кечирген Кыргыз элинин эң жакшы жетишкендиги. Бул жетишкендик көздүн карегиндей сакталып, 6 жылдан кийин Жээнбеков да кийинки президентке тынч, мыйзамдуу жол менен өткөрүп берүүгө тийиш...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан