25-26-ноябрь күндөрү көпчүлүктүн көңүл чордонун ээлеген спорттук майрам – "Каракол" тоо лыжа базасында сезон ачылмакчы. Мобилдик оператордун бул иш-чарага башкы демөөрчү болуп келе жаткандыгына быйыл 7 жылдын жүзү болду.
Деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан Тянь-Шань тоо кыркаларынын ажайып токой тилкелери кайрадан шаңга бөлөнмөкчү. Жүздөгөн лыжачыларга жана сноубордчуларга таза абада өтө турган спорттук майрам жагымдуу маанай жана эстен кеткис таасирлерди тартуулайт.
Спорттун кышкы түрлөрүн сүйүүчүлөр! Кана эмесе, чамдагыла! Майрамдык программа төмөндөгүдөй:
Мындай иш-чаралар ар бирибизди сергек жашоого, спортту жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айландырууга үндөйт.
Жагымдуу эс алуудагы унутулгус көз ирмемдер менен фото жана видеолор аркылуу бөлүшүңүз! MegaCom компаниясынын мобилдик 4G LTE интернети тоо лыжа курортунун бардык аймагында жеткиликтүү жана үзгүлтүксүз, сапаттуу уюлдук байланыш ар дайым эс алуучулардын кызматында.
Компания социалдык түйүндөргө байма-бай жайгаштырып туруучу жаңылыктар түрмөгүнө көз салып турууну эсиңизден чыгарбаңыз. Аталган спорттук иш-чара тууралуу кошумча маалымат Facebook түйүнүндөгү расмий баракчабызда.