ЭЛДИК ВИДЕО: Австриялык футболчу кыз Сэм Керрдин талкуу жараткан голу

Медиа-порталдын “Элдик видео” бөлүмүнө “Сэм Керрдин алыстан узаткан таамай соккусу” деген видео жүктөлдү (ник: Brutality)

Интернетке кеңири жайылып, кызуу талкууга алынып жаткан видео 22-ноябрда өткөн Австрия жана Кытай өлкөсүнүн футбол курама командаларынын ортосунда өткөн жолдоштук беттеште тартылган. Анда Австрия өлкөсүнүн курама командасынын 24 жаштагы чабуулчусу Сэм Керрдин айып аянтчасынан дагы алыс аралыкта туруп таамай киргизген голун көрүүгө болот.

Кызуу талкууга алынган видеону көргөн интернет колдонуучулары "Бул эң мыкты гол", "Сэм Керр - айымдар футболундагы Лионель Месси" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.

Видеону көрүү үчүн бул жакты басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан