Бүгүн, 23-ноябрь күнү эл аралык Футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде Кыргыз улуттук курама командасы 5 тепкичке көтөрүлүп, 115-орунга жайгашты. Кыргыз өлкөсү ноябрь айында Макао курамасы менен беттеш өткөргөн.
Аталган рейтингде Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында Кыргыз курамасынын атаандаштары, Индия 105-орунда, Мьянма 150-орунда жана Макао 182-орунда турат.
Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Германия турат. Алдынкы ондукта Бразилия, Португалия, Аргентина, Бельгия, Испания, Польша, Франция, Швейцария жана Чили курама командалары жайгашкан.