Бүгүн жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтөт

Бүгүн, 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтөт.

Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, иш-чара саат 10:00дө башталат. Салтанатта Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылат. Азем аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин имаратына барышат. Ал жерде ардактуу кароол катарга тизилип турат. Ардак кароолдун алдынан өткөндөн кийин эски жана жаңы президент мамлекет башчысынын иш бөлмөсүнө киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан