Алмазбек Атамбаев: "Президенттик мөөнөтүм соңуна чыкты. Кудайга шүгүр"

Бүгүн, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өтүп жатат.

Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековду президент болушу менен куттуктады.

“Президенттик мөөнөтүм соңуна чыкты, Кудайга шүгүр. Жээнбеков ант берип, мамлекет башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин алды. Расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Мен бул чоң тарыхый окуя менен кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду куттуктайм. Жаңы президентибиз ак жолтой президент болсун. Ушуну менен менин президенттик мөөнөтүм соңуна чыкты. 6 жыл мурда мени бийик кызматка шайлагансыңар. Баарыңар көрүп тургандай үзүлгөндү улаган жылдардан болду”, - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан