Украинанын Харьков шаарында итин мыкаачылык менен өлтүрүүгө буюртма берген жаран 3 жыл 4 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Украинанын маалымат каражаттары жазган.
Маалыматка ылайык, шаардагы Октябрь райондук соту мурда соттолгон 51 жаштагы жаранды күнөөлүү деп тапкан. Буга чейин уурулук менен соттолгон бул жарандын жаза мөөнөтүн толук өтөбөгөндүгүн эске алган сот аны 3 жыл 4 айга эркинен ажыраткан.
Тергөө иштеринде белгилүү болгондой, окуя 2016-жылы болгон. Анда соттолгон адам өзүнө жакын жерде жашаган аракечке балка берип итин мыкаачылык менен өлтүрүүсүн айткан. Бул ишти аткарганы үчүн аракечке 1 бөтөлкө арак алып берүүнү убадалаган. Иттин катуу кыңшылаган үнүн уккан коңшу аял чуркап келип окуяга күбө болгон. Бул учурда аракеч итти кармап алып башына балка менен бир нече жолу чаап жаткан. Окуянын күбөсү тартип сакчыларына жана жаныбарларды коргоочуларга кабар берген. Бирок итти аман алып калууга мүмкүн болгон эмес, башынан алган жаракатынан улам өлгөн. Иттин кожоюну эмне үчүн жаныбарга карата мындай мыкаачы мамиле жасаганын түшүндүрүп бере алган эмес.