Өкмөт башчы жоопкерчиликсиз чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтты

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралууда.

КСДП фракциясынан депутат Улан Примов 2018-жылдын бюджетинде жоготуулар болсо жоопкерчиликти ким ала турганын сурады.

“Бюджетке толуктоо, өзгөртүү киргизип жатасыңар, эгерде айтылган параметрлер аткарылбаса ким жоопкерчиликти алат? Мамлекеттик инвестициялык программаны аткарбагандарга кандай чара көрүлөт?” - деди депутат.

Сапар Исаков билдиргендей, кайсы мекеме өзүнө бөлүнгөн жумушту аткарбаса чара көрүлө турганын айтты.

“Мамлекеттик инвестициялык программаны аткарбаган министрлик, мекемелерге чара көрүлөт. Жоопкерчиликсиз жетекчилер кызматтан кетет”, - деди Сапар Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан