Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер болуп, кайсы тармакты көзөмөлдөй турганы айтылды

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин отурумунда Аскар Шадиевдин биринчи вице-премьер-министри кызматына талапкерлиги каралууда. Шадиевди бул кызматка өкмөт башчысы Сапар Исаков сунуштады.

"Аскар Шадиев тажрыйбалуу адис. Ал биринчи вице-премьер-министр кызматында күйүүчү май, отун-энергетика комплекси боюнча иш алып барат. Бул тармакта жетиштүү тажрыйбасы бар, ошондуктан колдоп берүүңүздөрдү суранам", - деди Исаков.

Талкуунун жыйынтыгында аталган парламенттик комитет Шадиевдин талапкерлигин депутаттык мандатын жана добуш берүү укугун сактоо менен биринчи вице-премьер-министр кызматына жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан