Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 3-июнунда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда мамлекет башчы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы өзгөчө кырдаал режимин алып салуу чечими жөнүндө маалымдады. Ошондой эле президент мындан ары бул сыяктуу окуяларга жол бербеш үчүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, ошондой эле жаштарды укук бузууга түрткөн адамдардын сөзсүз жазага тартылышын камсыз кылуу боюнча өз учурунда чара көрүлүүсү зарыл экендигин билдирди.  

 

Кеңешменин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын жетекчилеринин Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунун Барпы айылындагы абал жана аны жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтары угулду. “Азырынча митингчилерге карата күч колдонуудан алыс болгон оң. Бирок, уюштуруучулардын жана катышуучулардын бардык мыйзамга каршы аракеттерин каттап, документтештирип коюш керек. Анткени алар он миңдеген кыргызстандыктардын укуктарын чектеп, өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирүүдө. Айыптуулар мыйзамга ылайык сөзсүз жазага тартылууга тийиш. Мыйзам бузгандардын бардыгы жазасын алыш керек”,- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан