О! мобилдик оператору өлкөнүн түндүгүндө 4G каптоосун кеңейтти

Ноябрь айында О! мобилдик операторунун 4G каптоо картасында жаңы калк жайгашкан пункттар пайда болду. Компаниянын техникалык адистери түйүндү тез темпте курууну жана жаңы базалык станцияларды орнотууну улантышууда. Акыркы LTE стандартындагы гана эмес, мурунку көндүм болгон 2G жана 3G станцияларын орнотуу менен, LTE түйүнүнүн өнүгүүсүнө айрыкча көңүл буруп жатышат. Ошентип үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 30дан ашуун кошумча жабдуулар колдонууга берилди. Түндүк аймактагы облустардын калк жашаган пункттарынын тургундары чоң шаарлардан алыс болгондуктарына карабастан, музыка угуу, ири көлөмдүү маалыматтарды жүктөп алуу, жакшы сапаттагы видеолорду онлайн көрүү, мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу баарлашуу сыяктуу бардык көндүм болгон кызматтар менен толук кандуу пайдалана алышат.

Ысык-Көл облусундагы 4G

LTE базасындагы 4G түйүнүн жакшыртуу иштери Чолпон-Ата шаарында жана Чок-Тал айылында жүргүзүлдү.

Талас облусундагы 4G

Талас шаарында, ошондой эле Бакай-Ата жана Покровка айылдарында.

Нарын облусундагы 4G

Жаңы 4G базалык станциясы Баетов айылына орнотулду.

Чүй облусундагы 4G

Түйүндүн камтуу жана сыйымдуулугун кеңейтүү иштери Дмитриевка, Восток, Новопавловка, Жал, Күн-Туу, Чоң-Жар, Шалта, Октябрьское, Лубяное, Васильевка, Байтик, Кашка-Суу, Садовое айылдарында жүргүзүлдү.

Бишкек шаарындагы 4G

Көк-Жар, Ак-Ордо, Төмөнкү Ала-Арча жаңы конуштарынын, Пригородное айылынын, “Совмин” турак шаарчасынын, “Манас” кинотеатрынын аймагындагы жана Туңгуч кичи районунун тургундары жакшыртылган 4G режиминдеги иштин туруктуулугун сезе алышат.

"Көпчүлүгүбүз үчүн мобилдик интернет жана ал берген мүмкүнчүлүктөр жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. О! түйүнүндөгү трафиктин өсүүсү дагы маалыматтарды жөнөтүү кыргызстандыктар үчүн канчалык маанилүү экендигинин далили десек болот. Бир жылдын ичинде О! түйүнүндөгү трафик дээрлик 3 эсеге өстү. Ири шаарлардын тышындагы абоненттерибиз үчүн дагы байланышта болуу жана маселелерин бир клик менен чечүү маанилүү экендигин түшүнүү менен биз 4G каптоого басым жасоо менен борбор шаарда гана эмес, аймактарда дагы өзүбүздүн түйүндү куруу жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны ишке ашырдык", - деди О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! мобилдик оператору масштабдуу, заманбап жана өнүккөн инфраструктурага ээ. Эң маанилүүсү, ал дайыма жакшыруунун үстүндө. Техникалык адистерибиздин тобу өлкөнүн түштүгүндөгү түйүндү өнүктүрүү боюнча жаңылыктар менен жакында кубантабыз деп турушат. О! түйүнүнүн 4G/3G/2G кесилишиндеги камтуу аймагы тууралуу толук маалыматты картадан билсе болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Truelensk
2017-12-06 12:07:48
Балыкчы шаарын дагы сыйымдуулун кобойтсонор жакшы болот эле кечкисин катып атат.
0
Okgmobile
2017-12-06 12:50:26
Truelensk,
Саламатсызбы. Сиз айтып кеткен райондо байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир нече айдын ичинде базалык станциялардын модернизациялоо пландаштырууда.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Asankun
2017-12-06 13:19:24
4g чыкканы менен ылдамдыгы эмне начар?
+2
Okgmobile
2017-12-06 14:20:08
Asankun, mekajan92
Саламатсызбы.
Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
munarxan
2017-12-06 13:19:36
Кадамжай району, Алыш айылында жакшы иштебейт катып калат ошону да карап койсонуздар жакшы болмок.
0
Okgmobile
2017-12-06 14:57:46
munarxan,
Саламатсызбы. Сурооңузга рахмат. Сиздин районуңузга 3G базалык станция орноштуруу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы арада бар. Андан соң интернеттин ылдамдыгы жана байланыштын сапаты жогорлойт.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
mekajan92
2017-12-06 14:01:11
сапаты начар
+1
bekov01
2017-12-06 15:05:09
О! кардарларды тейлоонор жакшы емес. О!деньги деген кызмат бар ал жакка акча которгон сон сим картаны блокировка кылып коюшат акчаны еч кандай жол менен алалбайсын
0
Okgmobile
2017-12-06 15:39:04
bekov01, саламатсызбы.
О!Деньги тиркемесиндеги “Онлайн чат” жана “Коңгуроо” пункттарындагы кардарларды колдоо кызматына тейлөө кызматы тууралуу каалаган суроолорду бере аласыздар. Ошондой эле Telegram мессенжериндеги @odengi_bot дарегине бот жазып койсоңуз, өтө ыкчам жооп ала аласыз.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
ere
2017-12-06 16:17:53
Озгон районунун Колдук (Шамал-Терек) айылда эмне учун тартпай жатат.
0
Okgmobile
2017-12-06 17:10:08
ere,
Саламатсызбы. Сиз айтып кеткен райондо байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир айдын ичинде 3G базалык станцияны орноштурулат.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Aznazalai
2017-12-06 17:15:15
Карабалта шаарында да 4g аябай слабый го.мегабайттар куйуп кетип атат.Билайндын 3жсы жакшы кайра
0
Okgmobile
2017-12-06 18:01:18
Aznazalai,
Саламатсызбы! Кызмат көрсөтүүдө кетип жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн түзүлүштөгү номерди жана так даректи жеке билдирүү менен билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
Sardarakam
2017-12-06 17:51:17
Жалал-Абат шаарына караштуу Тайгараев айыл өкмөтүнө караштуу КЫРГЫЗСТАН айылына О! Операторун базалык стансиясы жок ошого бир бизгеда базалык станциясын орнотуп бергилечи. Кыргызстан айылында туурабыз бизгеда керек сураныч ?
0
Okgmobile
2017-12-06 17:59:52
Sardarakam,
Саламатсызбы. Суроонузга рахмат. Кыргызстан айылында бир нече айдын ичинде 3G базалык станцияны орноштуруу каралууда.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
maks94.kb
2017-12-06 19:02:03
Силер кеңейтип орнотуу иштерин жүргүзүп баштаганда бала элем силер орнотуп ишке бергенден кийин чачым Агарып картайып барам интернет өтө жай ылдамдыкта секундасына болгону 20кбт ашбайт 4G же таш бака минип алганбы айтор начар иштеп жатасыңар кенейткен менен результат жок
0
Okgmobile
2017-12-07 09:39:02
maks94.kb,
Саламатсызбы! Кайда жайгашкандыгыңызды жана жабдуудагы номерди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан