КҮНСЕРЕП: Рахматулла ажы, Чубак ажы. Молдокелердин жүзү аялдар аркылуу ачылууда

Бүгүн, 11-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ала-Бука районунда орун алып, талкуу чордонунда келе жаткан Орто-Токой суу сактагычынын статусу такталууда. 2017-жылы 6-октябрда Ташкентте Кыргыз-Өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда Орто-Токой суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Бул документти ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору бүгүн Жогорку Кеӊештин комитетинде каралып, депутаттар колдоп беришти.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев мурда Өзбекстан башкарып келген Орто-Токой суу сактагычын эми Кыргыз тарап башкарарын айтат. Объектте мындан ары Өзбек тараптын аскерлери жана техникалык кызматкерлери турбайт. Орто-Токой өткөн жылы эле Кыргыз тарапка өттү деп жарыяланган. 2016-жылы март айында Өзбекстан пайдаланып жүргөн 12 объект, анын ичинде Орто-Токой суу сактагычы мамлекеттин менчигине өткөнүн Темир Сариевдин өкмөтү жар салган. Бул кабар ал кезде Кыргыз тараптын жеӊиши катары бааланып, жылуу пикирлерди жаратып, Сариевди элдик баатыр катары көрсөткөн. Темир Сариев Орто-Токойду мамлекетке өткөрүүнү премьер кезиндеги жеӊиши катары менчиктеп, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо үгүт ишине пайдаланды. “Анан кандайча дагы эле Өзбекстан башкарып келе жатат?" деген суроо чыгат. Мурашев "өткөн жылы Темир Сариевдин өкмөтү тарабынан Орто-Токой суу сактагычы боюнча берилген маалымат жалган" дейт.

Орто-Токойго байланыштуу былтыр 2 чыр-чатак орун алган. Суу сактагыч Кыргыз мамлекетине алынды деген өкмөттүн маалыматынан кийин 2016-жылдын жазында суу сактагычта оӊдоо иштерин жүргүзөрүн айткан Өзбекстандын адистерин Кыргыз мамлекети "бул иштерди Кыргыз тарап өзү жасашы керек" деп киргизбей койгон. Бул окуядан кийин Өзбекстан Нооруз майрамына карата коопсуздукту шылтоо кылып Аксыдагы тактала элек аймакка 2 БТР жана аскерлерин коюп, Ала-Бука, Чаткал районуна бара жаткан Кыргыз жарандарын текшерүүгө ала баштаган. Жооп кылып Кыргыз тарап да аскердик күч алып барып, кырдаал 10 күнгө жакын убакытта гана жөнгө салынган.

Экинчи окуяны айтсак. 2016-жылы августта Орто-Токойго Өзбекстандын милиция кызматкерлери бастырып кирүүгө аракет кылышып, алардын бири кармалган. Көп өтпөй Өзбекстан милициясынын 7 өкүлү 2 тик учак менен Аксыда ретрансляциялык мунара жайгашкан Үӊкүр-Тоого келип түшүп, ал жердеги телестанциянын 4 жумушчусун кармап кетишкен. Өзбек тарап Кыргыз бийлигинен кармалган милиция кызматкерин бошотууну жана Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз тараптын постторун алып салууну талап кылышкан. Кыргыз тарап милиция кызматкерин бошотуп, экинчи талапты аткарган эмес. Үңкүр-Тоодон кармалган 4 жаранды Өзбекстан 2016-жылдын 9-сентябрында бошоткон.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Орто-Токойду азыркыга чейин Өзбекстан башкарып, алардын милициясы кайтарып жүргөнүн, эми гана бул мүмкүнчүлүк Кыргызга берилерин айтып жатат. Демек, Кыргыз тарап өзүнүн өлкөсүндө жайгашкан суу сактагычка дале ээ боло элек. Жаӊы келишимде Орто-Токойдогу суунун 92 пайызын Өзбекстан, 8 пайызын Кыргыз өлкөсү пайдаланары жазылган. 1,5 жыл мурда Кыргызга өттү деп жар салынган объект эми ортолук пайдаланууда болору айтылып, келишимдин шарттары ачык жарыялана элек. Суунун 92 пайызы Өзбек талааларын сугарууга кетсе, аны ортолукта пайдалануу деп айтуунун өзү туура эмес. Калган 8 пайызы Кыргыздын ылдыйкы айылдарына Өзбек талаалары аркылуу, алардан артса барат, болбосо дыйкандын эмгеги күйүп кетет. 2016-жылы Кыргыз мамлекетинин менчигине өттү деп жарыяланган мүлктөрдүн катарында Ысык-Көлдөгү 4 пансионат, Керкидан суу сактагычы, Чоӊ Наманган, Чуст, Нарын, Савай каналдары да болгон. Өкмөттүн токтому менен алынган бул жайлардын тагдырына да кызыгуу артат. Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып бүтүп, 15 пайызы калганы көп айтылып, Атамбаевдик бийликтин ири жетишкендиги катары жар салынды. Деген менен чек ара маселелериндеги талаштуу тилкелер кантип чечилип жатат, Кыргыз тараптын кызыкчылыгы татыктуу корголуп жатабы деген суроолор дале ачык калууда. Анткени талаштуу тилкелер кантип чечилгенин бийлик жарыялабай келет. Жээнбековдук бийлик бул маалыматты эртеби-кечпи баары бир ачыкташы керек болот. Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат. Балким, ушул сапарда айтылбай келе жаткан маалыматтар ачыкталар?..

Экс-муфтий Чубак Жалиловдун мыйзамдуу аялы Гүлнур Жалилова күйөөсүнөн коркуп жатканын, коргоого муктаждыгын айтып "Сезим" кризистик борборуна кайрылды. Арыздын көчүрмөсү 8-декабрда интернетке тарап, Жалиловдун тегерегиндеги чырды ырбатты. Мурунку муфтийдин аялы күйөөсүнүн "балдарды өлтүрөм" деген сөзү үчүн коркунучта калганын айтып, ага тийиштүү органдардын чара көрүүсүн суранды. Эртеси Бишкек шаардык милициясы Гүлнур Жалилова милицияга да арыз менен кайрылганын ырастады.

Бүгүн муфтий Максат Токтомушев билдирүү жасап, Жалиловдун үй-бүлөлүк маселесин тийиштүү органдар териштирип жатканын айтып, жыйынтык чыккыча экс-муфтийди "тепкилебей" турууга чакырды. Чочулатканы, Токтомушев "Чубак ажы Алланын алдында күнөөкөр болгон жок" деп кайра эле мыйзамды экинчи планга калтырганы болду. Чубак Жалилов "экинчи аял алууга биринчи аялым бир аз капа болду, бирок баары чечилди" дегени белгилүү. Жазылган арыздар мурунку муфтийдин бүлөсүндө өзү айткандай баары жайында эместигин, өзү дайыма карапайым элге айтып келе жаткан күйөөнүн аялга карата аяр мамилеси бул адамдын өзүнүн үй-бүлөсүндө учурда жок экендигин, опузалап коркутуу, зомбулук бул үй-бүлөдө да бар экендигин ачыкка чыгарды. Жогорку Кеӊеште депутат Эльвира Сурабалдиева Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага экс-муфтийдин биринчи аялынын коопсуздугунан кабар алууну сунуштаганда дин аалымынын тарапташтары "депутаттардын Чубак ажыдан башка кыларга иши жокпу?" деп сындашкан эле. Буга чейин Чубак ажы Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 153-беренеси боюнча жазадан оңой эле кутулуп кетери белгилүү болгон. Гүлнур Жалилова милицияга эмне деп даттанганын ИИМ ачыктаган жок. Интернетке тараган Гүлнур Жалилованын арызы боюнча Чубак Жалиловго карата Кылмыш-жаза кодексинин башка беренелери боюнча да иш козголуп кетүүсү мүмкүн. Эске салсак, буга чейинки муфтий Рахматулла Эгембердиевдин бир аял менен болгон интимдик видеосу жарыяланып кетип, кийин Эгембердиев "ал менин никелүү аялым, башкысы Кудай алдында акмын" деп маалымат берүүгө аргасыз болгон. Көп өтпөй арыз жазып кызматтан кеткен. Миллиондогон аудиторияга насаат айтып, үй-бүлөдө мамилелер кандай курулушу керектигин үйрөтүп келе жаткан, карапайым элдин идеалына айланып бара жаткан Чубак Жалилов ошентип өзүнүн сөзү, аракеттери менен үйүндөгү жабылуу аякты ачып, Рахматулла Эгембердиев сындуу өзүнө карата ишенимди жоготту...

Бишкек шаардык кеңешинде жаӊы коалиция түзүлдү. Башкаруучу көпчүлүккө КСДП (13 мандат), "Өнүгүү-Прогресс" (8 мандат), "Мекеним Кыргызстан" (7 мандат) жана "Кыргызстан" (5 мандат) фракциялары кирди. 12 мандаттуу "Республика-Ата Журт" оппозицияда калды.

Коалициялык көпчүлүктү КСДП РАЖды курамдан чыгаруу үчүн таратканы белгилүү эле. Президенттик шайлоодон кийин бийликке сын айтууну токтоткон Бакыт Төрөбаевдин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы жаӊы коалицияга кирди. Башкысы - бийлик Бишкек шаардык кеӊешинин төрагалыгын колго алды. Шаардык кеӊештин төрагалыгына бүгүн КСДПдан Алмаз Кененбаев шайланды. Текебаев, Бабанов... Өмүрбектерди оюндан чыгаруу менен бийлик күн санап күчтөнүүдө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан