Бишкек шаардык кеңешинде "Республика-Ата Журт" оппозицияда жалгыз калды

Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда шаардык кеңештин кезексиз жыйынында жарыяланды.

Маалым болгондой, коалициялык көпчүлүккө КСДП (13 мандат), "Мекеним Кыргызстан" (7), "Өнүгүү-Прогресс" (8) жана "Кыргызстан" (5) фракциялары кирди. Ал эми оппозицияда "Республика-Ата Журт" (12) калды.

Эске салсак, буга чейин шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" фракциялары кирген. Оппозицияда "Мекеним Кыргызстан" менен "Өнүгүү-Прогресс" болушкан.

28-ноябрь күнү КСДП фракциясы Бишкек шаардык кеңештеги коалициядан чыккан. 30-ноябрда шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев ("Республика-Ата Журт") өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан