Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын жыл сайын өткөрүү сунушталууда

"Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын жыл сайын өткөрүү керек". Мындай демилгени Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 11-декабрдагы отурумунда депутат Каныбек Иманалиев сунуш кылды.

Иманалиев Санкт-Петербургда болгон парламенттик делегация кино жана телеберүү институтунун ректору да бул маселени колдоого алып, келишимге кол койгонун айтты. Мындан тышкары бул КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясына тийиштүү Жогорку Кеңештин демилгеси экенин айтты.

Анын кесиптеши Садык Шер-Нияз бул иш-чара КМШ өлкөлөрүндөгү маданий мурастарды байланыштыруу максатын көздөй турганын билдирди. "Мындан тышкары Кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдү жарнамалоого да шарт түзүлөт. Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү да бул демилгени колдоого аларын белгиледи", - деди Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан