Депутат: "Кубанычбек Кулматовду жаңы кызматка дайындоодо мыйзам бузулду" (толукталды)

Кубанычбек Кулматовду Бажы кызматынын башчылыгына дайындоодо мыйзам бузулду. Мындай пикирин бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров билдирди.

"Кулматовду кызматтан бошотпой туруп, башка кызматка дайындап жатат. Бул жерде ал жогорку эки кызматты ээлеп калды. Мыйзам боюнча, аны Жогорку Кеңештин токтому менен президент бошотушу керек эле", - деди Бакиров.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кулматовдун Улуттук банктын төрагалыгынан кетүү процедурасын түшүндүрүп берди. "Ал жумуштан кеткени боюнча арыз менен кайрылат. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, парламент регламенти боюнча комитети жалпы жыйынга алып чыгып, Жогорку Кеңеш макулдугун бериши керек. Бул жөнөкөй процедуралык маселе", - деди Шыкмаматов.

Айта кетсек, кечээ премьер-министр Сапар Исаков Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болуп дайындалганын билдирген. Азырынча Кулматов Улуттук банктын төрагалыгынан расмий түрдө бошотула элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан