Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары шайланат. Бул маселе бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилгенин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн жалпысынан 8 маселе каралмакчы. Вице-спикерди шайлоо эң акыркы маселе болуп киргизилген.
Белгилей кетсек, вице-спикерликке "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакировдун талапкерлиги, "Ата Мекенден" Сайдулла Нышановдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Республика-Ата Журт" фракциясы да өз талапкерин алып чыкмакчы. Азырынча бул фракция бир талапкерге токтолгону боюнча расмий билдирүү бере элек.