Алмазбек Атамбаев мамлекеттик резиденциядагы үйдү бошотту. Эми бул үйдө Жээнбеков жашайт

24-ноябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы үйдү бошотту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Алмазбек Атамбаев резиденциядагы башка үйгө көчүрүлдү. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков жашай турган турак жайда оңдоо иштери аяктады.

Айта кетсек, мыйзамга ылайык, экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан