Жогорку Кеӊеш Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын төрагалыгынан бошотту

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеӊеш Кубанычбек Кулматовду башка кызматка дайындалганына байланыштуу Улуттук банктын төрагалыгынан бошотту. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, жакында премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагалыгына дайындалган. Кубанычбек Кулматов буга чейин төмөнкү кызматтарда иштеген.

2004-жылы Бажы кызматынын департаменти, кирешелерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

2004-2005-жылдары Бажы кызматынын департаменти, кирешелер боюнча комитетинин башчысынын орун басары;

2005-2006-жылдары Мамлекеттик бажы кызматы, инспекциянын башчысынын орун басары;

2006-2007-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын кеңешчиси;

2007-жылы Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

2010-2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы;

2013-жылы президенттин кеңешчиси;

2013-2014-жылдары Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

2014-2016-жылдары Бишкек шаарынын мэри;

2016-2017-жылдары Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы;

2017-жылы сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган.

Буга чейин Бажы кызматынын башчысы болуп Азамат Сулайманов иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан