"Менин О!" тиркемесин орнотуп алыңыз +1ГБ интернет белекке

Текшерилген – баары иштейт!

“Менин О!” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары өз e-mail дарегин тастыктаганда белекке акысыз 1 ГБ интернет алышат. Өз электрондук дарегин тастыктоо менен О! абоненттери О! түйүнүнүн акциялары, бонустары жана жаңылануулары тууралуу актуалдуу жаңылыктардан кабардар болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кантип алса болот? Түшүндүрөлү:

“Менин О!” тиркемесин өз смартфонуна орноткон жана электрондук дарегин тастыктаган абонент, О! түйүнүнүн ичинде бир айдын ичинде сарпталышы керек болгон бонустук 1 гигабайт интернет-трафик менен сыйланат.

Эмне кылуу керек?

Болгону каалаган тиркемелер дүкөнүнөн “Менин О!” тиркемесин жүктөңүз же шилтеме боюнча басыңыз да, кыска каттоодон өтүңүз.

«Менин О!» - бул сиздин жеке виртуалдык тейлөө кеңсеңиз. Тарифтик пландарга кошулуу жана алмаштыруу боюнча жылдызчалар жана торчолор менен миңдеген керектүү буйрутмалары ичинде, эч нерсени жаттоонун кереги жок. Бардык операциялар жөнөкөй жана ыңгайлуу тиркемеде!

«Менин О!» тиркемеси аркылуу сиз саналуу секунданын ичинде төмөндөгүлөрдү аткара аласыз:

  • эсептин абалын текшерүү;
  • кошулган кызматтар тууралуу маалымат алуу;
  • тарифтик планды өзгөртүү;
  • сүйүктүү телеканалдарды тандоо жана ТВ-топтомдорду кошуу;
  • гигабайт жана мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү;
  • сүйлөшүүлөрдүн детализациясын алуу.

Тиркеме менен балансыңыз нөл абалында болсо дагы пайдаланса болот, анткени бул кызматты колдонууда О! абоненттери үчүн интернет-трафик акысыз. “Менин О!” тиркемеси кол алдыңарда кезде, жакын кеңселерди издөөнүн же call-борборго чалуунун кажети жок, анткени суроолордун көпчүлүгүн мобилдик тиркеме аркылуу чечсе болот.

«Менин О!» — сенин эң мыкты мобилдик жардамчың!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Kyzyk
2017-12-14 12:38:10
Эң сонун жана кызык маал экен
0
Omurbek998
2017-12-14 12:51:43
O! До интернетке кайсыл тариф жакшы билгендер айтып койгулачы мага 2гб жетпей жатат алты кунго
0
Azat.97
2017-12-14 13:04:30
Мага 8 Gb жетпейт жумасына 135 сом
+2
novayariga
2017-12-14 13:09:52
Кундузгу, тунку кылып болуп салганы жаман экен. Тундо копчулук кирбейт деле да. Ошону толук берсе эн алдынкы оператор болмок
+15
Ymanbekov
2017-12-14 17:03:45
2гб эчнерсеге жетпей жатат
+3
Kuba_502
2017-12-14 18:19:58
Интернеттин ылдамдыгы начар болуп атат нуртелекомдуку
+2
sema..kgz
2017-12-15 00:35:15
студенттерге Студент деген тариф бар жумасына 80 сом 16 гига мб.)
+3
SALMANCHIK24
2017-12-15 09:38:00
Бир гб бербедиго
0
SALMANCHIK24
2017-12-15 09:40:40
Бергенин кантип текшерууго болот
0
Okgmobile
2017-12-15 09:54:04
SALMANCHIK24, саламатсызбы.
Бонустун калдыгын текшерүү: *828#

0
boris8907
2017-12-15 11:47:33
Okgmobile,саламатсызбы мен тиркемени орноттум каттоо кылдым почтама сылка кылди бирок ошол сылка боюнча кирбей атат не кылам 1 гб алыш керек болтат
0
Isco23
2017-12-15 10:22:51
Мен студентмин анан студент тариф алсам 1 жумалыкка туташтырдым эле анан 7 кун точна болбой эле очуп калды го не ушундай да болобу?мисалы. 12.12.2017. (10:30)дан 19.12.2017 (10:30)га чейин деп саатынан бери точна болуш кк эле го.ошондо меники почти 6 кун болуп калды
0
Okgmobile
2017-12-15 11:08:03
Isco23,
Кутмандуу күнүңүз менен. Сиздин номеринизди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз. Текшерип алалы.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Akjolmaga
2017-12-15 11:51:36
Isco23,
Номериңди жибербе
0
Isco23
2017-12-15 19:19:40
Akjolmaga,неге
0
Usow
2017-12-15 11:05:05
О оператор молодец
0
Okgmobile
2017-12-15 11:08:46
Usow, спасибо большое за Ваш отзыв, мы стараемся!

С уважением,
Мобильный оператор О!
0
aibars
2017-12-15 12:40:28
Okgmobile, Саламатсызбы, Кыргыз тилинде баарлашыныз, бул сайт Кыргыз тилинде баарлашуну талап кылат.
0
chikeusenov
2017-12-15 12:13:46
интернетке жакшы мегайт берет ошка бирок скоростьу тормоз мегаком жакшы андан кору скоростьу кучту ошканы мактатып эле койсо болду 3 4 жсы айырмасы жоок бирдей дагы 4 ж дем коет
0
Okgmobile
2017-12-15 12:26:40
chikeusenov,
Саламатсызбы. Кайда жайгашкандыгыңызды жана жабдуудагы номерди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Eli75
2017-12-15 12:32:50
О! түйүнүн мен да мактап коеюн. Биздин айыл тоолуу аймакта жайгашкандыктан эч бир байланыш оператору барбаган учурда, элдин саны аз болгонуна карабай барып, алысты жакын кылды, терең ыраазычылыгымды билдирем
+1
Okgmobile
2017-12-15 12:55:37
Eli75,
Биздин компанияга айтылган жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Командабызды кубандыралы! :)

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
+2
Letchik-bolgum-kelchuu
2017-12-15 13:07:58
Эмэйлге барган катка кирсе ссылка иштебейтат алдапсынар
0
Okgmobile
2017-12-15 14:15:49
Letchik-bolgum-kelchuu,
саламатсызбы. Маселениз эмнеде, тактап алынызчы.
0
Omurbek998
2017-12-15 13:55:34
Мен да 1гб алдым бирок скорость озгоргон жок катып иштейт екен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан