Бүгүн, 14-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында алдыдагы президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барарын билдирди.
"Бул өзүн өзү көрсөтүү болот, бирок мен, албетте, өлкөнүн өнүгүшүндө менин көз карашымды жактаган саясий күчтөрдүн, партиялардын, коомдук уюмдардын, жарандардын колдоосуна үмүт артып жатам", - деп айтты Владимир Путин.
Ошондой эле ал азырынча анын шайлоо штабын ким жетектей турганы чечиле электигин айтты.
Айта кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын март айында өтөрү айтылууда. Эгер ал шайлоодо Путин утуп чыкса, анда ал 2024-жылга чейин президент болот.