Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды

Бүгүн, 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды. Иш сапардын алкагында өлкө башчы Жээнбеков Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен өлкө башчылары эки тараптуу бажы операцияларын жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүү, 2018-жылга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өкмөттөр аралык экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу жана бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.

Андан сырткары Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов жана Олий Мажлистин төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Расмий сапар Кыргыз жана Өзбек президенттеринин Ташкент шаарындагы өнөр жай көргөзмөсүнө баруусу менен соңуна чыкты.
Андан соң Шавкат Мирзийоев өлкө башчыны И.Каримов атындагы “Ташкент” эл аралык аэропортунан узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан