Баасы 3 миллиард 448 миллион 720 миң сомду түзгөн аянты 49,5 гектарга жеткен "Аккула" ипподромун белгисиз убакытка чейин колдонуу укугу Бишкек шаарынын мэриясында калды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кыймылсыз мүлккө болгон укук, жерге жайгаштыруу жана каттоо башкармалыгына келип түшкөн арыздын жыйынтыгында 2017-жылдын 7-декабрында "Аккула" ипподромуна жана ага тиешелүү жер тилкесине болгон ээлик Бишкек шаардык мэриясына бекитилген. Муну менен бирге эле жер тилкеси менен белгисиз мөөнөткө колдонуу тууралуу мамлекеттик акт да берилген.
Азыркы мезгилде Ленин райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку Сотто Бишкек шаардык Ленин райондук прокуратурасы тарабынан "Аккула" ат майданын жеке менчикке сатылышы боюнча келишимди жараксыз деп табуу тууралуу жиберилген арыздары каралып жатат.
Белгилүү болгондой, Жогорку Соттун 7-сентябрдагы токтому менен биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечимдери күчүндө калтырылып Ленин райондук прокуратурасынын доо арызы канааттандырылган. Ага ылайык "Аккула" ат майданынын жеке менчикке сатылышы боюнча келишим жараксыз деп табылган.