Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин депутаттары менен Ош облусунун Араван районунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жыйындын катышуучулары Араван-Сай дарыясынын "Данги" капчыгайында 17 метр бийиктикте сууну көтөрүүчү тосмо орнотуу жана сезондук жөнгө салынуучу суу сактагыч куруу боюнча долбоор менен таанышышты. Суу сактагычтын курулушу менен кошо 11,2 чакырым суу каналын тартуу пландалууда.
"Долбоор ишке ашса, Араван районунда июль жана август айларындагы суу танкыстыгы жоюлуп, 6358 гектар аянтта сугат жакшырат, 2000 гектар жаңыдан өздөштүрүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.