КҮНСЕРЕП: Саляновдун өлүмүнө шектүү жаран күмөн ойлорду күчөттү

Бүгүн, 29-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Депутат Аида Салянованын инисин өлтүргөн деген шек менен бир жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, кармалган адам 31 жашта. ИИМден таратылган маалымат боюнча анын жанынан депутаттын иниси Улан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы табылган жана шектүү күнөөсүн моюнга алган. Эске салсак, быйыл ноябрда 42 жаштагы Улан Саляновду Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен.

Шектүү жарандын аталган кылмышты кылганы ырас болсо, анда ал тапанчаны толтура огу менен жанында алып жүргөнүн акылга сыйдыруу кыйын болуп турат. Ошончо чуулгандуу кылмышты жасаган адам биринчи кезекте кылмышынын бетин ача турган далилдерди жоготууга аракет кылары анык. Бул жаранды бүткүл милиция кызматы издеп жаткан маалда кылмыш кылган тапанчасын октору менен алып жүргөнү таң калыштуу. Аида Салянова дагы кармалган адамдын инисин өлтүргөн кылмышкер экенинен күмөн санап жатат.

Коомчулукта бул кылмыш "Ата Мекендин" депутаты Аида Салянованын ишмердүүлүгү менен байланыштуу, депутатка басым көрсөтүү максатында иниси өлтүрүлдү деген пикир кеңири жайылып кеткен. Мындай пикирдин тарап кетүүсүнө ИИМдин кылмыш болгондун эртеси эле жарыялаган билдирүүсү да түрткү болгон. ИИМ кылмышка шектүү эч бир адам такталып, иштин чоо-жайы аныктала элегинде эле “бул иште саясат жок” деп билдирүү тараткан. Мындай “шашылыш” билдирүү депутаттын инисинин өлүмү боюнча күмөндүү суроолорду ого бетер көбөйткөн. Анын үстүнө бир топ жыл мурда Кыргыздын сүткө оозу күйгөн. 2009-жылы ал кездеги президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов каза тапкан. ИИМ чиновник жол кырсыгынан каза тапты деп маалымат таратып атүгүл жол кырсыгына себепчи болду деп Ауди автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов кармалып, кадимкидей тергөө жүрүп, соттор аны 12 жылга соттогон. Садыркулов жана анын шериктери мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөндүгү Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин ачыкталган.

Адатта, кылмышкерлер изин тазалоого аракет кылышат. Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүнүн 2 айдан бери тапанчасын жанына алып, сары майдай сактап жүргөнү суроо жаратат. Саляновдун өлүмү тууралуу да бир канча жылдан кийин башка маалыматтар калкып чыкпайбы?..

27-декабрда жааган кардан кийин Бишкектин көчөлөрү текши муз аянтчасына айланды. 1 эле күндө Манас-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги Травматологиялык пунктка тайгаланып жыгылып жаракат алган 50 адам кайрылган.

Жылдагы көрүнүш: "Тазалыктын" чамасы шаардын өлкө жетекчилеринин кортежи жүрүүчү борбордук көчөлөрүн гана кардан тазалоого жетип, калган көчөлөрдөгү муз күн жылыганда гана эрийт. Тротуарлар да толук тазаланбайт. 2017-жылдын 1-январынан 10-январына чейин көчөдөн тайып жыгылган 200дөй адам дарыгерлерге кайрылган. Өлкөнүн башка аймактарында дагы ушундай жагдай. Дарыгерлер бул кадимки көрүнүш экенин, бара-бара адамдар тайгак жолдо басууга көнүп каларын айтып жатышат. Демек, жарандар Бишкектин жетекчилигине эмес, биринчи кезекте өздөрүнө жана ыңгайлуу бут кийимдерине таянганы оӊ...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан