"Мыйзам кабыл алынса". Маск АКШда жаңы саясий партия түзүлөрүн айтты

Миллиардер Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трамптын мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун дагы бир жолу сынга алып, АКШда жаңы саясий партия түзүлөрүн айтты.

"Эгер бул жинди мыйзам долбоору кабыл алынса, анда "Америка" (the America Party) партиясы эртеси күнү түзүлөт",- деп жазган Маск X социалдык тармагында.

Маск мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча Ак үй демилгелеген мыйзам долбоорун биринчи жолу сынга алган жок. Ал буга чейин да документти бир катар сынга алып, аны артка кайтарууну сунуштаган. 5-июнда Трамп менен Маск социалдык тармактарда кайым айтышкан.

Андан кийин Маск Трампка арналган бир нече билдирүүлөрү үчүн өкүнгөнүн айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан