SUPER.KG: №1, 336 миллиондон ашуун кароо… Бул бизге чек эмес!



Кыргыз жериндеги кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталы Жаңы жылды жаңы рекорд менен тосуп алды. 2017-жылдын соңунда “М-Вектор” консалтинг компаниясы медиа рынокту иликтөө максатында сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп SUPER.KG порталын тапты.





Google Analytics рейтинг аныктоочу ресурсунун көрсөткүчү боюнча, SUPER.KG порталы 2017-жылы дээрлик 336 миллиондон ашуун жолу каралган. Ал эми уникалдуу колдонуучулардын саны 5 миллион 261 миңден ашкан.


Google Analytics ресурсу боюнча уникалдуу колдонуучулардын саны


Google Analytics ресурсу

2017



Mail.ru’нун көрсөткүчү боюнча, SUPER.KG порталы КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын веб-порталдарынын алдынкы он бештигинде ишенимдүү келе жатат. Mail.ru’нун статистикасы боюнча, 2017-жылы SUPER.KG порталына баш баккан уникалдуу колдонуучулардын саны 8 миллион 771 миңден ашса, ал эми кароолордун саны 332 миллиондон көп болгон.

Mail.ru’ нун статистикасы боюнча уникалдуу колдонуучулардын саны



Көрсөткүчтөргө көңүл буралы. Кыргыз жергесинде сайттардын статистикасын жүргүзүүчү Net.kg кызматы 2017-жылдын ичинде бир канча ирет SUPER.KG порталын бардык көрсөткүчтөр боюнча 1-орунга чыкканын жарыялап турду. Net.kg кызматынын статистикасы боюнча, өткөн жылы SUPER.KG порталына баш баккан уникалдуу колдонуучулардын саны 2 миллион 199 миңден ашса, ал эми кароолордун саны 337 миллиондон көп болгон.

баш баккан уникалдуу колдонуучулардын саны


SUPER.KG порталы окурмандарга ишеним жана тандоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Биз ар дайым сиздердин кызматтабыз!

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Meruet84
2018-01-03 21:56:06
Ийгилик !
-2
Tynybek1989
2018-01-04 04:19:06
Ийгилик дагы да болсо СУПЕР болуп журо бергиле
0
nuraiym9595
2018-01-04 22:08:10
Супер!!! Ишиниздерге ийгилик!
-6
Birimdik5555
2018-01-05 01:13:31
Неге ийгилик каалагандардын баарына минус басып чыгышкан!
+2
Zor_go
2018-01-05 09:10:58
Birimdik5555, супердин конкуренттери окшойт да минус басканда )))) хехехехе көрөалбастар
+2
Zor_go
2018-01-05 09:11:40
Zor_go, мен биринчи жазгам, ага да минус коюшуптур бай болгурлар!
0
Birimdik5555
2018-01-05 01:16:31
Ийгилик супер инфо!!! Анан Кыргызга дебей Кыргыз олкосуно же Кыргызстанга деп жазгылачы
+9
admin_superstan
2018-01-05 11:46:02
madrid7000, Badr.Hari., порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-3
Medinaa
2018-02-06 23:21:54
Ийгилик!
-1
Ali-han
2018-02-09 23:19:18
Мен эле бир күндө 30 жолу кирем!
0
webprog
2018-02-13 10:19:17
test
+1
temirov76
2018-02-21 15:35:14
Мен да бир күндө 4 5жолу баш бакбасам көңүлүм жай албайт.
0
2016gulanda
2018-03-04 01:26:33
Бекеринен Супер эмесинерда атынарга затынар жарашкан Суперсинер азаматсынар Дуйнону багындыргыла.Менда бир кундо 5/6жолу баш бакбасам тура албайм
-2
Azatbek83
2018-03-17 16:05:38
Чындыкты айтыш керек Минусуңарда Плюсуңарда бар! Коментарияны өчүрбөй эле койгула!
-2
Komrad
2018-03-27 07:47:11
Башкы беттен 336 млн, 386 млн болуп корунуп кетти. 386 млн бул бизге чек эмес. Тамаша)
0
talaa11
2018-11-04 01:33:44
Саясат болумун ачык кылып элдин суранычында аткарып койунуздар озунордун гана кызыкчылыгынарды ойлобой элдин уну Жогорку жака жетиши керек
+3
Snejana
2018-11-21 12:19:03
Супер! Ишинерге ийгилик! Эмоцияларды билдируучу мыйтыкчаларды киргизип койсонор андан дагы жакшы болот.
+2
admin_superstan
2018-11-21 13:42:49
Snejana,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан