MegaCom 2018-жылга карата өзгөчө календарын чыгарды

Жаңы жылды утурлай MegaCom компаниясы өз кардарлары жана өнөктөштөрү үчүн жаңы корпоративдик календарын чыгарды. Календарларында улуттук маданий баалуулуктарды чагылдыруу компания үчүн салтка айланып калгандай. Бул жылы элибиздин улуттук музыкалык аспаптарына басым жасалгандыгы да бекеринен эместир. Музыкалык аспаптарыбыздын жаралуу тарыхы жаратылышыбыз менен тыгыз байланышта болгондуктан, алардын ар бири көргөндүн көз жоосун алган табийгатыбыздын кооздугун өзгөчө музыка тили менен сүрөттөп бергенсийт.

Календардын ар бир бетинде бир музыкалык аспаптын сүрөтү бар. Музыкалык аспапты көрүп эле тим болбостон, аны ойнотууга да мүмкүн болгондугу – бул 2018-жылдагы календардын ажайып өзгөчөлүгү. Муну ар бир сүрөттүн бурчунда жайгаштырылган атайын QR-код аркылуу ишке ашырууга болот. Мобилдик телефонго QR-коддорду тааныгыч тиркемени орнотуп алуу жана камеранын объективин тандалган кодго каратуу жетиштүү. Андан соң смартфондо чагылдырылган шилтемеге өтүү керек.

Ата Мекендик мобилдик оператор элибизди тарыхый баалуулуктарын сактоого, маданиятын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана колдоо көрсөтүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tynybek1989
2018-01-05 12:38:52
Молодцы соонун
0
AzKumFerDan
2018-01-05 19:28:17
Сонун.
0
satiev87
2018-01-05 20:33:30
Жакшы азаматсынар.
0
din_tomas
2018-01-05 21:04:33
Оа өзүбүздүн Ата-Мекендик операторду колдонушубуз керек, О! Казактыкы, Билайн орустуку
+2
Krai
2018-01-05 21:54:57
din_tomas,озубуздун ата мекендик байланыш операторубуз барбы озу
+1
futboler
2018-01-05 23:33:12
din_tomas, айланайын кайсы операторуң бар? Райондун борборунан башка жерде телефону жок Кыргыз Телекомбу?
+2
Pandora
2018-01-05 23:39:35
din_tomas, Менаком бир озбоктуку
-2
Omurbek998
2018-01-05 23:22:45
Каяктан кантип алсак болот
0
o.aza
2018-01-06 00:01:56
Бирок интернети чатакта тез эле түгөп калат.тажаганымдан башка операторго өткөм
+1
Zainidin96
2018-01-06 00:10:38
Буну кантип тапсак болот админ маалымат берип койсонуздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан