Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.
Муканбетовдун талапкерлигин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырды. Анын талапкерлиги добушка коюлуп, "макул" деп 98 депутат добуш берди. "Каршы" деп добуш берген депутат болгон жок.
Буга чейин вице-премьер-министр кызматын Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган соң вице-премьер-министрлик орун бош калган болчу.
Санжар Муканбетов 1972-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.
1994-1995-жылдары "Жанар" акционердик коомунун инженери;
1995-1996-жылдары "ТНК Дастан" заводунун инженери;
1996-1998-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдынкы адис, биринчи категориядагы адиси;
1998-1999-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адиси;
1999-2001-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгында бөлүм башчы, жетекчи орун басары;
2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары;
2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы;
2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси;
2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
2010-2014-жылдары экономика министринин орун басары;
2014-жылдан тарта финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.