Өткөн жылы Бишкек жылуулук электр борборунун эскирген бөлүгү 550 миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди. Эл өкүлү мындай ири каражат каралганы менен, ЖЭБде оңдоп-түзөө иштеринин жеткиликтүү жүргүзүлбөгөнү байкалып жатканын айтты.
"2018-жылга Бишкек ЖЭБинин эскирген бөлүгүн жакшыртуу үчүн 650 миллион сом каралып жатат. Өткөн жылы 550 миллион сомдон ашык акчага оңдолгон. Кебетесин көргөндө булар оңдоп-түзөө кылганбы же кылган эмеспи деп айтасың. Демек, бул жерде да коррупциялык элементтер бар деп эсептейбиз. Колунан кармап ала элекпиз, тастыкташ керек. Ошондуктан ЖЭБдин абалы бүгүн ушундай оор", - деди Рыспаев.