Бишкекте "бейбаштык" беренеси менен айыпталып Нарын облусунун Бектурсун аттуу тургуну кармалды

9-июнда саат 22:00 чамасында Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында жол кырсыгы катталып, анын катышуучулары арасында мушташ чыкты. Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус 470 жана Ниссан автоунаалары сүзүшкөн. Айдоочулар өз ара окуяны териштирип башташкан. Бул маалда базардын аймагында ондогон жаран топтолуп (көпчүлүгү мас абалында болгон), кырсыктын катышуучулары менен тиреше кетишип, ал урушка айланган. Белгилүү болгондой, баш аламандыктын негизги күнөөкөрү деп айыпталып 1982-жылы туулган Нарын облусунун Бектурсун Осмонкараев аттуу тургуну кармалды. Ага карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан