МАИчилерге “Шумкар” жана “Бүркүт” радарларын колдонууга тыюу салынды

ИИМдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна бүгүндөн баштап “Шумкар” жана “Бүркүт” радарларын колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Айтылгандай, бул жабдыктарда сүрөткө жана видеого тартуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, айдоочулардын нааразычылык билдирүүсү көп катталат. Учурда “Визир” аттуу жаңы радарлар колдонууга берилип, бирок алардын саны жетишсиз экендиги айтылды. Эгерде инспекторлор аталган 2 жабдууну колдонгон болсо, анда жарандар (0312) 63-09-00, 63-09-01 телефон номурлары аркылуу чалып, арызданса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан