10-июнда Баткен шаарында “Ата Мекен” фракциясынын көчмө жыйыны болду. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Баткен облусундагы мамлекеттик чек араны коргоо жана инфраструктурасын оңдоо, унаа жолдорун оңдоп-түзөө, ошондой эле айыл чарбасын жана ирригациялык тутумун өнүктүрүүнүн ал-абалы жана чаралары жаатындагы маселелер талкууланды. Транспорт жана коммуникация, Айыл чарба жана мелиорация министрликтеринин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын турмуш-тиричилигине байланыштуу суроолорго жооп берди. Андан сырткары чек ара аймактарын тезинен делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси да козголду. "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев чек ара жана ага жакын жайгашкан аймактардын маселесин комплекстүү чечүү зарылчылыгына токтолду. Ал үчүн 2014-жылдын бюджетинде жетиштүү каражат каралуусу зарыл экендигин белгиледи.