"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Белгилүү модель фотосессия учурунда деңизге кулап кетти" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.
Анда 25 жаштагы америкалык модель жана актриса Кейт Аптон Аруба аралында Кариб деңизиндеги таштардын биринин үстүндө жарым жылаңач туруп сүрөткө түшүп жаткан. Бир убакта деңиздин катуу толкуну моделди сууну көздөй ыргыткан. Жыйынтыгында ал жабыр тарткан эмес. Болгону жүзүндөгү боёкторду кайрадан жаңылап, андан соң жумушун улантууга туура келген.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.