Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жер тилкелеринин мыйзамсыз берилиши иликтенүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМ 27-майда арыз келип түшкөнүн, анда 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги айтылганын белгиледи. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Текшерүүдө Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун негизинде Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн тургуну С.К.нын наамына 5 гектар жер тилкеси 49 жылга ижарага спорт комплекс салуу үчүн бөлүнүп берилгени аныкталган. Бирок кандайдыр бир себептер менен спорт комплекс курулган эмес. Бул айыл жаштарынын нааразычылыгын жаратып, алар жерди мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылышкан. Ошол маалда ижарачыга Камчы Көлбаевдин адамдары келип, 5 гектардын ичинен 1 гектарды "общакка" берүүнү айтып опузалашкан.
Ал кырдаал курчуп кеткендиктен Көлбаевдин иниси К.Ж.га кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп жаткандыгын билдирип, 5 гектардын ичинен азыраак бөлүгүн эле берерин айтып, бул көйгөйдү токтотуп берүүнү суранган.
Министрлик аталган иш боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын белгиледи. Алар: 1977-жылы туулган С.А., 1976-жылы туулган К.Ж., 1974-жылы туулган Э.М. жана 1976-жылы туулган О. А. Алар тергөө абагына камакка алынышып, учурда тергөө иштери уланууда.
Айта кетсек, кечээ, 16-июнда Камчы Көлбаевдин иниси Жолдошбек Көлбаев күч түзүмдөрү тарабынан кармалганын айрым жергиликтүү басылмалар жеке булактарына таянып жазып чыгышкан.