Nokia көпчүлүккө белгилүү "банан" телефондорун кайра чыгара баштады

Nokia компаниясы көпчүлүккө белгилүү "банан" телефондорун кайра чыгара баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалым болгондой, "Mobile World Congress" көргөзмөсүндө компания "Nokia 8110" үлгүсүндөгү телефондорун жаңы түстө тартуулап, бул уюлдук аппараттар кайрадан сатыкка чыга турганын жарыялаган.

Мындай телефондор алгачкы жолу 1996-жылы чыгарылган. Сырткы корпусу ийилген түрдө болгондуктан аны "банан" деп атап коюшкан. Аталган телефон көпчүлүккө белгилүү "Матрица" тасмасында көрсөтүлгөндөн кийин популярдуу телефондордун бирине айланган.

Жаңы жарык көрө турган уюлдук аппараттар сары жана кара түстө чыгарылат. Телефон 4G интернетке жана Wi-Fi`га туташа алат. Ошондой эле учурдагы көп тиркемелер жеткиликтүү болуп, баасы 79 еврону түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
keba300989
2018-02-27 15:38:51
Кымбат экен
0
Munar92
2018-02-27 15:39:35
Аа сонунго клавиатуранын ылдыйы эмнеси функсиясы жокго тушундуруп койсонор
0
nurbekasr
2018-02-27 17:07:01
Munar92,анысы клавишаны жаап турат.Колдонордо шарак эти ылдый түртөсун,колдонуп сүйлөшүп бүткөн соң хлоп этип жаап коесун.
+4
orun
2018-02-28 14:23:18
nurbekasr,зор тушундурупсун го)))
0
Mazi1280
2018-02-28 04:02:23
Кантсе да сылама телефонго жетпейт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан