Урматтуу достор, жазгы жакшы жөрөлгө, маанилүү иш-чара - "BAKAIBANKJAZDEMI-2018" марафону жарыялангандыгы тууралуу жалпыга кубануу менен жарыялайбыз.
Бишкек шаарында 8-апрель күнү миңдеген жөө күлүктөр чыдамкайлык таймашына катышууну күтүп жатышат. Иш-чара кызыктуу программа, көңүл көтөргөн жаркын маанай менен коштолот. "Бакай Банк" ААКсы аталган марафондун өнөктөшү катары иш алып баргандыктан, белгиленген чекти ийгиликтүү басып өткөн жөө күлүктөр эстелик төш белгисине, "Бакай Банкынын" белектерине ээ болот.
Жазгы марафондо 8 категория боюнча 72 сыйлык орундары белгиленген. Иш-чаранын ар бир катышуучусуна өткөрүлүп жаткан марафон тууралуу кеңири маалымат, катышуучунун номери жана убакытты каттоо үчүн электрондук чип салынган эстелик баштыкчалар тапшырылат. Жөө күлүктөр басып өтүүчү жолдо түштөндүрүү пункттары уюштурулуп, андан тышкары белгиленген чекти ийгиликтүү басып өткөндөр дем алып, эс алышы үчүн чатырлар тигилет.
Жөө күлүктөр "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен тартып Бишкек – "Манас" аэропортуна чейинки 5 километр, 10 километр жана 21 километр аралыкты басып өтүүгө тийиш. Жөө жүрүшкө жашы 16дан өткөн улан-кыздардан тартып, улуу муундагылар катыша алат. Ал эми 21 километр аралыкка жашы 18ден өткөн, иш-чарага катышууну каалагандардын бардыгы катыша алат. Жашы 3 жаштан 5 жашка чейинкилер 100 метр аралыкты, 6 жаштан 8 жашка чейинкилер 300 метр аралыкты, ал эми 9 жаштан 12 жашка чейинкилерге 500 метр аралыкты басып өтүү шарты каралган.
Кыргыз жеринде мындай марафондор жыл сайын өткөрүлүп, салттуу иш-чарага айланууда. Ар бир иш-чарага дайыма дасыккан спортчулар сыяктуу эле, чуркоону жакшы көргөн миңдеген адамдар катышып келет. Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынан тышкары, ар кайсы өлкөдөн келгендер да бул марафонго катышуу ниетин билдиришип, алардын саны күн сайын өсүп, иш-чара эл аралык деңгээлдеги статуска ээ болуп бара жатат. Марафонго көпчүлүк учурда бир компаниянын же уюмдун кызматкерлеринен турган бүтүндөй команданын катышуусу салтка айланууда. Анткени бул тимбилдинг үчүн эң эле оңтойлуу мүмкүнчүлүк.
Жөө жүрүшкө катышууга катталуу үчүн төмөнкүлөргө кайрылууга болот:
*Иш-чарага катышуу шарттары жана каттоодон өтүү боюнча ырааттуу маалыматты 0554600707 телефону боюнча алсаңыздар болот.