Дүйнө жүзүндөгү акыркы эркек ак керик уктатып өлтүрүлдү

Дүйнө жүзүндөгү акыркы эркек ак керик (носорог) уктатып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биз дүйнө жүзүндөгү жалгыз эркек түндүк ак кериги болгон Судандын абалы начарлаганына байланыштуу эвтаназия жолу менен өлтүрүлгөнүн маалымдайбыз", - деп жазылат "Helping Rhinos" уюмунун Твиттердеги баракчасында.
Белгилүү болгондой, Кениядагы "Ol Pejeta" коругунда жашаган 44 жаштагы Судан карылыктан улам акыркы 2 сутка ичинде бутуна тура албай кыйналган. Мындан улам 19-мартта жаныбарларды коргоо уюмунун кызматкерлери аны уктатуу жолу менен өлтүрүүнү туура көрүшкөн.
Азыркы тапта дүйнө жүзүндө Наджин жана Фату ургаачы түндүк ак кериктери гана калган.
Акыркы ак носорог уктатып өлтүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aszyma
2018-03-20 14:48:03
Керик дуйно жузу боюнча экоо элеби? Булар Кызыл Китептеги жаныбарларбы
-5
Zoluwka6666
2018-03-21 00:13:16
aszyma, Бул альбинос носорог алар аз кездешет
0
s81
2018-03-20 14:55:58
Көчтү күйүп өлдүда Трамптын
-10
vavilon.
2018-03-20 14:56:58
s81, Трамптын буга кандай тиешеси бар?
+9
dinar-87
2018-03-20 15:30:58
Ошондо бул жаныбар жок болуп кетет экенда э эркеги жок ургачылары эле калса.
+2
Zoluwka6666
2018-03-21 00:13:55
dinar-87,альбинос носорогтор жок болот
0
bakytkg007
2018-03-20 15:37:50
Жок болбойт 2 ургаачы калыптырго аларга уругун таштап кеткендир
+2
datkayimjan
2018-03-20 16:47:17
Уругун таштаса буга чейин таштап кобойот эле да. Жарабай калган бокшойт эле,качаан эле.
+1
Adiletia
2018-03-20 17:16:05
Бир нерсе кылып эрендигин алып калышса болмок. Акыркы болсо
+5
haydarkan
2018-03-20 20:28:18
Динозаврлар бар болгон деп окусак жомоктой болчу илгеери эми бизден кийинкилер да ак носорогдор жашаган мезгилде десе жомоктой туйулотко
+7
Krai
2018-03-21 10:06:23
Негизи бул албиностор уруксуз эле чанда туулуп туруучу нерсе
-1
Jelezo
2018-03-21 12:47:17
Уругун алып калышыптыр эми жасалма уруктандыруу жолу менен куудурушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан