Ош. Айтка карата 80ден ашуун бодо мал, бир төө курмандыкка чалынды

Бүгүн Ош шаарында “Адеп Башаты” коомдук фондусунун уюштуруусу менен курмандык чалынып жатат. Фонддун жетекчиси Марс Ибраевдин айтуусунда, 80ден ашуун бодо мал, 10го жакын кой жана бир төө курмандыкка чалынат. Эт Ош шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, “Боорукердик”, “Алтын уя” балдар үйлөрүнө жана жогорку окуу жайлардын жатаканаларына таратылат. Курмандык чалуу үч күнгө уланат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан