Депутат Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары эмне себептен жумуштан алынганына кызыкты

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Искендер Матраимов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары Турат Сагындыковдун жумуштан алынышынын себептерине кызыкты.

Аталган кызматтын башчысы Замирбек Осмонов бул өкмөт башчынын чечими болгонун айтты.

"Турат Сагындыков премьер-министрдин чечими менен жумуштан бошотулган. Мен жетекчиликтин чечимине комментарий бере албайм", - деди Осмонов.

Матраимов: "Сагындыковду жумуштан алуу боюнча сиз сунуш бердиңиз беле?" - деп кайра суроо салды.

Замирбек Осмонов өкмөт башчыга бул боюнча сунуш бербегенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан