Тармактык комитет Ооганстандагы жүктү Кыргызстан аркылуу алып чыгууга макулдугун берди

Парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитети Ооганстандагы АКШнын жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн жүктөрүн Кыргызстан аркылуу алып чыгууга макулдугун билдирди. Бүгүн, 17-июндагы комитет жыйынында бул маселе талкууланып, транспорт жана коммуникация министри Калыбек Султанов кабарлагандай, мындай өтүнүү менен Британия өкмөтү да кайрылган. Транзиттик жүк алып чыгуучу эл аралык хаб түйүнүнүн кызматы эл аралык баага туура келет. “Эгер биз кымбат акы сурасак, анда алар башка өлкөлөр менен макулдашууга барышы мүмкүн. Мисалы Өзбекстан менен ымала түзүшү ыктымал, биз койгон баа реалдуу эле”,- дейт министр. Эл өкүлдөрү Лондон менен болгон келишимди кубаттап, аларга транзиттик жүк үчүн жана аба мейкиндигинен жол берүүнү колдошту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан