
Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жатат. Өкмөт өкүлдөрү буга чейин мыйзамдын редакциясы 2011-жылы кабыл алынып, бирок мыйзам иштебей жатканын негиз кылууда, анткени буга чейин болгону бир мамлекеттик объект мүлктү ишенимдүү башкарууга берилген.
Депутат Дастан Бекешев бизнестин мамлекеттик тармактарга карата ишеними боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлүнүн пикири боюнча, келишим түзүлгөндөн кийин эле УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы келип текшерүү жүргүзө баштайт.
"УКМК же башка бир орган келип түзүлгөн келишимди бузууну талап кылбашы үчүн балким келишимди сот аркылуу гана буза турган кылган оң", - деди Бекешев.
Экономика министри Артем Новиков мыйзамда тараптардын жоопкерчилиги киргизилип жатканын белгиледи.
Жалпысынан алганда, бул мыйзам долбоорунун башкы максаты мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен бирге, киреше алуу, мамлекеттин экономикасына чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу, ошондой эле экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.