28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жайыттарды турак жай куруу үчүн жер тилкесине берүүгө тыюу салуу сунушталды.
Депутаттардын демилгесине ылайык, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясын түзүүдө жайыттар анча баалуу эмес жерлерге кирип калган.
Депутат Айтмамат Назаровдун айтымында, жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.
"Жайыттарды туура пайдалануу менен мал чарбасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин көтөрө алабыз. Бирок азыркы күндө жайыттарды башка категорияга которуу фактылары жок эмес. Ошондуктан жайыттарды өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясына киргизүүнү демилгелеп жатабыз. Сунушталган долбоор аркылуу жайыттардын бардык түрү өзгөчө баалуу жерлер категориясына киргизилүүдө”, - деди Назаров.
Депутаттар мыйзамды биринчи окууда колдоду.